Эми № 98 орто мектептин окуучулары ыңгайлуу шартта жана эң негизгиси коопсуз мектепке жете алышат.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы борбордогу жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоону активдүү жыйынтыктоону улантууда.

Учурда бригада Алтын-Ордо конушунун 14-көчөсүнүн жолуна 1-көчөдөн 9-көчөгө чейин ысык асфальттын экинчи катмарын төшөп жатышат.

Белгилей кетсек, асфальт төшөө иштери аяктагандан кийин жол белгилерин орнотуу жана жол чийиндерин чийүү иштери башталат.