Күжүрмөн спорттун олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында медалдарга ээ болушту.
Мелдеш 2024-жылдын 28-августунан 9-сентябрына чейин Абду-Дабиде (БАЭ) 2008-2009-жылы туулган жаштар жана 2010-2011-жылы туулган өспүрүмдөр арасында өттү.
Мектеп окуучусу Арваз Ахмади 66 кг салмакта күч сынашып, Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.
Кыргызстандык 1/4 финалдан баштап, Казакстандын спортчусун жеңип алды. Чейрек финалда ирандыкты жеңип, финалга чыкты.
9-сентябрдагы чечүүчү кармашта Ахмади Өзбекстандын өкүлү менен беттешип, 5:0 эсебинде жеңишке жеткен.
Ошондой эле өспүрүмдөр арасында 52 килограммдан жогорку салмакта күч сынашкан Ризван Исаев күмүш медаль тагынды.
Спортчу 1/4 финалдан баштап, Иорданиянын өкүлүн жеңип алды. Жарым финалда Украинадан келген спортчуну жеңип, финалга чыкты.
Кошумчалай кетсек, 8-сентябрда финалдык беттеште спортчу Ризван Исаев казакстандык спортчу менен беттешип, ага жеңилип, турнирдин күмүш байге ээси болгон.