Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти төмөнкүлөрдү билдирет:
Бишкек шаарынын мэриясынын электрондук соода аянтчасынын (аукционунун) порталындагы лоттун баштапкы ижара акысы Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген жоболорго ылайык эсептелет жана жалпы аянты, жер участогунун жайгашкан жери, болжолдонгон жери, максаты, имараттын же курулуштун түрү жана техникалык түзүлүшү эске алынат. Андан кийин Бишкек шаарынын муниципалдык менчик боюнча комиссиясына, жер участокторуна укук берүү боюнча комиссияга берилет жана аукционго коюу боюнча комиссиянын жыйынынын протоколу менен бекитилет.
Өткөрүлгөн аукциондордун мисалдары:
1. Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жер тилкесин ижарага берүү аукциону. Лоттун баштапкы баасы 5 миллион сом болсо, лоттун акыркы баасы жылына 32 миллион сомго жетти;
2. Ахунбаев-Репина көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкесин ижарага берүү аукциону. Лоттун баштапкы баасы 100 000 сом болсо, лоттун акыркы баасы жылына 1 020 000 сом.
3. Ч.Айтматов проспектиси менен Ы. Абдырахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер тилкесин ижарага берүү аукциону. Баштапкы баасы 200 000 сом болсо, лоттун акыркы баасы жылына 1 280 000 сомго жеткен.
Ижарага берүү мүлктүн функционалдык багытын өзгөртүүнү билдирбейт, мисалы, сейил бактардын максатын башкага өзгөртүүгө болбойт.