Бүгүн, 2024-жылдын 10-сентябрында, Курманжан Датканын эстелигинин алдында «Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!» деген ураан менен жөө жүрүштүн расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышты.
Жөө жүрүштү КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, КР Ички иштер министрлиги, Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду, InKooM долбоору КБ, Борбордук Азия үчүн адам укуктары боюнча жогорку комиссардын башкармалыгынын регионалдык бөлүмү, Кыргызстандагы тилектештик борбору, Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен "Равенство" майыптыгы бар адамдардын коомдук бирикмеси уюштурду.
Бул марштын максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына көңүл буруу, аларга карата стереотиптерди жана стигмаларды азайтуу, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо жана Кыргызстанда инклюзияны алдыга жылдыруу.
Маалымат үчүн: Учурда шаардагы социалдык өнүктүрүү органдарында 13,7 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турат, анын ичинде 18 жашка чейинки 5,5 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала, бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелгендер – 4,6 миң адам, жалпы оорулары барлар – 1336 адам, анын ичинде 2015 адам АТР алкагында.