Октябрь районунда акимдин  биринчи орун басары Майрамбек Адылбековдун төрагалыгы алдында турак жайды камсыздандыруу боюнча жыйын өттү.

Жыйынга мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаары боюнча менеджери Садык Мырзакматов, мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Чүй-Бишкек филиалынын камсыздандыруу боюнча адиси Айжамал Азатова, райондук кызматтардын жетекчилери жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын башчылары  катышты.

Жыйындын жүрүшүндө турак жайды камсыздандыруу маселеси талкууланып, борбор калаа тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан бери Октябрь районунда 284 тургун турак-жайын камсыздандырган.

Ошондой эле турак жайды камсыздандыруу боюнча ишти активдештирүү максатында мектептердин мугалимдеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле райондордун бардык МАБда турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча райондун тургундары, кварталдык жана үй комитеттери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Айыл жери үчүн турак жайды камсыздандыруунун баасы жылына 600 сомду, шаарлар үчүн жылына 1200 миң сомду түзөт. Эгерде сиздин үйүңүз толугу менен талкаланса же күйүп кетсе, анда айылда «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтан 500 миң сомго чейин, шаарда 1 миллион сомго чейин акчалай жардам аласыз.

Урматтуу жарандар, Кыргыз Республикасынын «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамы тууралуу толук маалымат алуу үчүн бул шилтемеге кириңиз http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru /111253

Маалымат үчүн: «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын Чүй-Бишкек филиалы Ч.Айтматов пр., 1 (Лев Толстой көчөсү менен кесилишет) дарегинде жайгашкан.