Ысык-Көлдүн  жээгинде КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIII Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасы өтүп жатат.

Мелдештер 2024-жылдын 4-сентябрынан 12-сентябрына чейин спорттун 24 түрү боюнча өткөрүлөт.

Бул жылы оюндар “Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы” деген ураан астында өтүүдө.

Белгилей кетсек, оюндар 2001-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет жана жыл өткөн сайын долбоорго катышкан мамлекеттердин арасында популярдуулукка ээ болууда.

XXIII оюндарга КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнөн жалпысынан 3 миңдей спортчу катышат.

Ошентип, 7-9-сентябрь аралыгында кыз-келиндер арасында пляж волейболу боюнча мелдеш өтүп, ага Бишкек шаардык волейбол командасы катышты.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр:
1-орун – аялдар курама командасы (Москва);
2-орун – аялдар курама командасы (КЭР);
3-орун – аялдар курама командасы (Бишкек шаары).

Жеңүүчүлөр  диплом жана медалдар менен сыйланышты.