Бишкек шаарынын мэриясы "Жибек-Жолу проспектисинде жол оңдоо жумуштары бүтпөй жатат” деп даттанып, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылган шаар тургунун издеп жатат.
Ошондой эле, калаа бийлиги шаардыктарды жана ЖМК өкүлдөрүн туура эмес маалымат таратуудан оолак болууну өтүнөт жана айрым фактыларды тактоо үчүн мэриянын басма-сөз кызматына кайрылууну сунуштайт.
Учурда Жибек-Жолу проспектисинде аткарылып жаткан жумуштардын ичинен, маалыматта айтылган этабында жана жолдун айтылган бөлүгүндө техника талап кылынбайт, ал жерде асфальтобетон төшөөгө даярдык, б.а. инженердик коммуникацияларды, каналдарды куруу, ирригациялык көпүрөлөрдүн өтмөлөрүн орнотуу жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Люктарды жана жамгыр тосмолорду оңдоо, лотокторду, бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат.
Жибек-Жолу проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бардык даярдык иштери аяктап, эртеңден баштап асфальттын 2-катмарын төшөө иштери башталат.
Абдрахманов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки тилкеде асфальт төшөөгө даярдык көрүлүүдө, ошондой эле жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Жумуштар бардык нормаларды жана технологияларды сактоо менен иш тартибине ылайык аткарылууда.
Белгилей кетсек, Жибек-Жолу проспектисинде аба ырайынын шарттарын эске алуу менен жолду капиталдык оңдоону мөөнөтүнөн мурда аяктоо пландалууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти ММК өкүлдөрү үчүн жолду капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу пресс-тур уюштурууга даяр.