"Бишкек шаардык транспорт"  муниципалдык ишканасы шаардагы троллейбустардын тейлөө сапатын көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүштү.

Ишкананын кызматкерлери санитардык нормалардын сакталышын, транспорттун техникалык абалын, айдоочулар үчүн жарактуу талондордун бар-жогун жана төлөө ыкмаларын, анын ичинде QR код аркылуу төлөмдөрдү текшерүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле окуу жылынын башталышына байланыштуу жол кыймылынын интервалдары жана жүргүнчүлөрдү ташуу көзөмөлгө алынууда.