Бишкек жылуулук электр борборунда келе жаткан 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине кызуу даярдык көрүлүүдө. Ошентип, Бишкек жылуулук электр борборунда жүрүп жаткан масштабдуу оңдоо иштери менен катар ишембилик өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев, ишкананын директору Нургазы Курманбеков баштаган жүздөн ашык кызматкер үстүбүздөгү жылдын февраль айында болгон авариядан улам ишкананын аймагындагы көмөкчү курулуштар бузулган таштандыларды тазалоого киришти.
Ошондой эле, ишембиликтин алкагында ЧЧКнын техникалык каналынын боюндагы жана ага жакын жайгашкан ишкананын аймагы тазаланды.
Келечекте аймакты таштандылардан жана металлдардан толук тазалаганга чейин ишембиликтерди өткөрүү да пландалып жатканын белгилейбиз.
Жалпысынан ишембиликке 100дөн ашык кызматкер катышып, 5 бирдик атайын техника тартылган.