Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нурбек Курманбеков спортчуларга алдыдагы олимпиадалык оюндарда жеңишке жетишин каалады жана аларды шаар тургундары гана эмес, бардык кыргызстандыктар колдоорун белгиледи.
Кыргызстандын намысын бокс боюнча 1992-жылы туулган Эркин Адылбек уулу, оор атлетика боюнча 1993-жылы туулган Артыков Изат жана Окоева Жаңыл коргойт.