Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев тарабынан борбордун санитардык абалын жакшыртуу жана көрктөндүрүү маселеси боюнча көчмө жыйындар улантылууда..

Кийинки пункт борбор калаанын 12-кичи району болду, анда мурда арык лотокторун орнотуу иштери жүргүзүлүп келген.

Жыйынга борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын адистери, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле подряддык уюмдун өкүлдөрү катышты.

Жеринде протокол жазылып, бир жуманын ичинде бардык кемчиликтерди жоюп, лотокторду орнотууну бүтүрүү тапшырмалары берилди.

Ошондой эле күн сайын аткарылган иштерди текшере турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, лотоктордун курулушу «Мега Юг» ЖЧКсы подряддык уюму тарабынан 2023-жылдын сентябрь айында башталып, бүгүнкү күнгө чейин иш бүтө элек. Лотоктордун узундугу 3 км 290 м.