Өкмөттүн “Акселераторлор” программасынын алкагында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен көбүрөөк камсыз кылуу максатында Октябрь районунда үй тибиндеги “Агуша” бала бакчасы ачылды.

Бала бакчанын ачылышына Октябрь районунун акиминин орун басары Чынара Жаныкеева, №10 МАБнын өкүлдөрү, ата-энелер жана балдар катышты.

Майрамдык салтанат майрамдык шоу-программа менен коштолду.

Жалпысынан Октябрь районунда 42 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында юридикалык жак катары каттоодон өткөн 108 жеке менчик бала бакчалар жана жеке ишкерлер тарабынан ачылган үй тибиндеги 5 бала бакча бар.

Белгилей кетсек, ар бир каалоочу белгиленген тартипте үй тибиндеги бала бакчаларды ача алат.