«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Жибек-Жолу проспектиси Ростов көчөсүнөн баштап Махатма Ганди көчөсүнө чейин тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Эми жүргүнчүлөр “Ак-Жол” батыш автобекетине оңой жете алышат.
Оңдоо иштери жолдун эки тарабында 3826 м2 аянтты түзгөн.
Иштин жүрүшүндө бригада эски асфальтты сыйрып, демонтаждоо иштерин жүргүзүп, бордюрларды, ирригация системасын орнотуп, тротуардын негизин даярдап, ысык асфальт төшөштү.
Бул объектти подрядчы «Белек Нур Компани» ЖЧКсы бүтүргөн.