Көк-Жар кичи районунда көп функционалдуу балдар аянтчасы ачылды
Бишкек шаарынын Октябрь районунда жаңы көп функционалдуу балдар аянтчасы пайда болду. Бул жайлуу эс алуу зонасы Көк-Жар кичи районундагы №3 жана №18 турак үйлөрдүн жанында жайгашкан.
Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аяктады.
Аянтчанын расмий ачылышына Октябрь районунун акими, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Майрамдык иш-чара спорттук мелдештер менен коштолду. Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти стол тенниси, шахмат жана эстафета боюнча турнир өткөрдү.
Жаңы аянтчада футбол жана баскетбол аянтчалары, балдар аянтчасы, машыгуу аянтчасы жана шахмат столу бар. Ошондой эле аймактын периметри боюнча сугат системасы жана жарыктандыруу орнотулган. Бардык аймак брусчатка менен төшөлгөн. Сквердин жалпы аянты 2300 чарчы метрди түзөт.
Ыңгайлуу жайгашкандыктан, аймактын жашоочулары бош убактысын үйдүн жанында өткөрө алышат, ал эми балдар таза абада активдүү эс алышат.
Подряддык уюм "Ализе Групп" ЖЧКсы.