Октябрь акимчилигинин кызматкерлери муниципалдык аймактык башкармалыгы жана райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте уруксатсыз соода кылууну тартипке келтирүү жана алдын алуу максатында рейддерди өткөрүүдө.

Алсак, адистер Токомбаев жана Нуркамал Жетишкаева көчөлөрүнүн кесилишинде, Полевая көчөсүндө, Көк-Жар конушунда рейд жүргүзүштү.

Жыйынтыгында 44 000 сомдук 10 мыйзам бузуу протоколу түзүлдү. Соодагерлер менен белгиленбеген жерлерде соода кылууга жол бербөө жана эреже бузгандык үчүн жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагында соода жүргүзүүгө жана соода түйүндөрүн аныкталбаган жана атайын белгиленбеген жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.

Тартип бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.