Муниципалдык инспекция ишембиликтерде таштандыларды өрттөбөөнү эскертет.

Курчап турган жана бөлүнгөн аймакты иретке келтирип, чогултулган таштандылардан жана түшкөн жалбырактардан арылуу үчүн от жагуунун кажети жок.

Аймакта күзгү таштандыларды өрттөгөн жеке жана юридикалык жактар муниципалдык инспекция тарабынан мыйзам чегинде жазаланат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 8 айында Муниципалдык инспекция тарабынан өрттөгөндөргө карата 165 протокол түзүлүп, салынган айып пулдун жалпы суммасы 1 975 500 сомду түзгөн.

Ишембиликте муниципалдык аймакта чогултулган таштандылар   "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан чыгарылаарын эскертебиз.

Көрктөндүрүү эрежелери бардыгы үчүн бирдей!