Бишкек шаарынын Республика көчөсүндөгү жолго асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери жүрүп жатат.
Капиталдык оңдоо иштери Республика көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен ЧЧКга чейин 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык башталган.
Жарандардын жана райондун тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн жолду оңдоо иштери эки этапка бөлүнгөн.
Учурда бригада Жибек-Жолу проспектисинен Березовая көчөсүнө чейин асфальт төшөп жатат. Буга чейин эски асфальтты сыйруу, бордюрларды жана ирригация системасын орнотуу иштерин аяктаган.
Белгилей кетсек, асфальт төшөлүп бүткөндөн кийин адистер жолду ачып, Березовая көчөсүнөн ЧЧКга чейинки тилкеде иш башташат.