Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 2024-жылдын 6-сентябрынан 11-сентябрына чейин Бишкектин 13 сейил бактарында балмуздак, суусундуктар, кофе, попкорн, таттуу вата, балдар оюунчуктарын сатуу үчүн орундар берилээрин жана ижарага алуу үчүн арыздар кабыл алына баштаганын билдирет.


Төмөнкү парктарда орундар берилет:
- Ынтымак-1 – 3 орун;
- Ынтымак-2 – 2 орун;
- Адинай – 5 орун;
- Ата-Түрк – 5 орун;
- Ак-Кайың токою – 4 орун;
- Жаңгак токою – 4 орун;
- Жукеев Пудовкин аянты – 5 орун;
- Кара жыгач токою – 12 орун;
- Боталиев – 6 орун;
- Ч.Түлөбердиев – 4 орун;
- Фучик – 5 орун;
- Жаштар – 12 орун.
- Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук паркы – 4 орун.
Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын 2024-жылдын 4-сентябрындагы чечимине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланганга чейин келип түшкөн арыздар эсепке алынбайт.

Ижарага берүүгө арыздар 09:00 дөн 18:00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чокморов көчөсү, 246.

Бардык суроолор жана толук маалымат боюнча төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0312979195 (кошумча 4222)