Биринчи май районунда райондун акиминин биринчи орун басары Райым Жолдошовдун төрагалыгы алдында турак жайды камсыздандыруу боюнча жыйын өттү.
Жыйынга мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаары боюнча менеджери Садык Мырзакматов, мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Чүй-Бишкек филиалынын камсыздандыруу боюнча адиси Айжамал Азатова, райондук кызматтардын жетекчилери жана МАБ жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө турак жайды камсыздандыруу маселеси талкууланып, борбор калаа тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан бери Биринчи май районунда 644 тургун турак-жайын камсыздандырган.
Ошондой эле турак жайды камсыздандыруу боюнча иштерди активдештирүү максатында борбордогу мектептердин мугалимдеринин, райондордун бардык жашоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу боюнча жолугушууларды өткөрүү айтылды.
Айыл жерлери үчүн турак жайды камсыздандыруунун баасы жылына 600 сомду, шаарлар үчүн жылына 1200 миң сомду түзөт. Эгерде сиздин үйүңүз толугу менен талкаланса же күйүп кетсе, анда айылда «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтан 500 миң сомго чейин, шаарда 1 миллион сомго чейин акчалай жардам аласыз.
Урматтуу шаардыктар, Кыргыз Республикасынын «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамы тууралуу толук маалымат алуу үчүн бул шилтемеге кириңиз http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru
Маалымат үчүн: «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын Чүй-Бишкек филиалы Ч.Айтматов пр., 1 (Лев Толстой көчөсү менен кесилишет) дарегинде жайгашкан.