9-кичи районунда иштеп жаткан  жолчулар  №111 жана №112  бала бакчанын ички жолдорун  капитиалдык оңдоодон өткөрүштү.

Капиталдык оңдоо "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы тарабынан жүргүзүлүп, окуу жылы башталганга чейин бүткөрүлдү.

Жумушчулар эски асфальтын сыйрып, бордюрларды жана ирригация системасын орнотуп, жаңы асфальт төшөштү.

Ошондой эле Октябрь районунун аймагында, тагыраагы кичи райондордо жолдорду жана тротуарларды 2024-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык капиталдык оңдоо иштери улантылууда.