Бишкектин Ала — Тоо аянтында бардык футбол күйөрмандары үчүн Иран жана Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин биргеликте көрүүгө күйөрмандар үчүн арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чара шаар тургундарын бириктирип, биримдиктин жана ынтымактын атмосферасын түздү. Күйөрмандарга оюн аянтчалары, бетти боёо, сынактар жана көптөгөн белектерди камтыган шоу-программа тартууланды.
Иш-чаранын коноктору популярдуу эстрада аткаруучулары – Баястан, Nilo жана Айым Айылчиевалар болуп, беттеш башталар алдында жакшы маанай тартуулашты.
Оюн саат 22:00дө башталып, күйөрмандар фан-зонасына кыргыз курама командасын колдоо үчүн келген көптөгөн күйөрмандар чогулду.
Белгилей кетсек, иш-чарага кирүү акысыз болуп, бул футбол майрамына ар бир адам үй-бүлөсү менен барып футбол сүйүүчүлөрү менен кошо майрамды өткөрүштү!
Иш-чара майрамдык жана спорттук толкундануу маанайында өтүп, күйөрмандардын маанайын чыңдап, көптөгөн позитивдүү эмоцияларды тартуулады.