2024-жылдын 5-сентябрынан тарта Бишкек шаарындагы «Ак-Ордо» жаңы конушунда жайгашкан Новопавловка көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүү  иш-чаралары токтотулат.

Чечим көмүлгөн жерди күтүүгө карата санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлү үчүн борбордун корутундуларынын негизинде кабыл алынган.

Белгилей кетсек, маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндө жүргүзүлүшү мүмкүн.