Кечээ муниципалдык инспекция борбор калаадагы 209 чарба субъектилерин санитардык абалдын сакталышы жана ага чектеш аймактарды жашылдандыруу боюнча текшерди.

Жеке жана юридикалык жактар тарабынан Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарын аткарбаган 53 факты аныкталган. Салынган айыптардын жалпы суммасы 589 миң 500 сомду түздү.

Район боюнча:
- Свердлов району боюнча 186 миң 500 сомго 19 протокол түзүлдү;
- Октябрь району боюнча 170 500 сомго 13 мыйзам бузуу катталган;
- Биринчи май району боюнча 117 миң 500 сомго 11 протокол;
- Ленин районунда 115 миң сомдук 10 көрктөндүрүү эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Эскерте кетсек, муниципалдык инспекция жеке жана юридикалык жактардын Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөйт. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жазага тартылат.