Ленин районунда Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгы алдында турак жайларды камсыздандыруу боюнча жыйын өттү.
Жыйынга мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаары боюнча менеджери Садык Мырзакматов, мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Чүй-Бишкек филиалынын камсыздандыруу боюнча адиси Айжамал Азатова, райондук кызматтардын жетекчилери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө турак жайларды камсыздандыруу маселеси талкууланып, борбор калаа тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.
Белгилей кетсек, Ленин районунда 2024-жылдын башынан бери 377 тургун турак жайын камсыздандырган.
Ошондой эле турак жайды камсыздандыруу боюнча иштерди активдештирүү максатында борбордогу мектептердин мугалимдеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, райондордун бардык муниципалдык техникалык мекемелеринде райондун тургундары менен жолугушуулар, кварталдык жана үй комитеттери тарабынан турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу милдеттүү түрдө жүргүзүлүүдө.
Айыл жери үчүн турак жайды камсыздандыруунун баасы жылына 600 сомду, шаарлар үчүн жылына 1200 миң сомду түзөт. Эгерде сиздин үйүңүз толугу менен талкаланса же күйүп кетсе, анда айылда «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтан 500 миң сомго чейин, шаарда 1 миллион сомго чейин акчалай жардам аласыз.
Урматтуу жарандар, Кыргыз Республикасынын «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамы тууралуу толук маалымат алуу үчүн бул шилтемеге кириңиз http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru /111253
Маалымат үчүн: «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын Чүй-Бишкек филиалы Ч.Айтматов пр., 1 (Лев Толстой көчөсү менен кесилишет) дарегинде жайгашкан.