Бишкек шаарында троллейбустук каттамдын ордуна ушул эле номер менен жаны №5 мунициалдык автобус каттамы иштей баштайт.

Ошентип, 2024-жылдын 4-сентябрынан тарта мурда троллейбустар каттаган каттам боюнча жаны автобустар иштей баштайт.

Жолду оңдоо иштерине байланыштуу автобус убактылуу Медеров көчөсүн бойлой жүрөт.

Эскерте кетсек, №5 автобустук каттам Жал кичи районунан Тунгуч кичи районуна (акыркы көзөмөл пункту) чейин каттайт.