Бишкек шаарында, бүгүн, 4-сентябрдан тарта №30 муниципалдык автобус каттамы иштей баштады.
Аталган автобус каттамынын акыркы аялдамасы “Дордой” базары жана ДЭУда жайгашат.
Күн сайын 23 бирдик автобус пландык чыгуу аткарат. Алардын аралыгы 7-8 мүнөттү түзөт.