2024-жылдын 3-сентябрында «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Жукеев -Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктагандыгын билдирет. Учурда жол толугу менен унаалар үчүн ачык.
Бул долбоордун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөр толугу менен диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.
Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо шаардын түштүк аймагынын тургундарын туруктуу жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Жаңы жылуулук тармагы жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат.