Эл аралык Kaya International уюму Бишкекте үч жума болуп, бир нече  көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорлорун ишке ашырды.

Тактап айтканда, Түштүк Кореядан келген 40 волонтер жергиликтүү активисттер жана бишкектик волонтерлор менен биргеликте иш алып барышты.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте ишембилик өткөрүп, ЧЧКнын жээгин тазалашты.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы менен Kaya International өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумуна кол коюшкан.