Бишкек шаарындагы бир катар курулуш компаниялары борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелерин одоно бузушкан.
Муниципалдык инспекция тарабынан аларга протоколдор түзүлдү.  

Жанаша аймагын таштандыга толтурганы  үчүн КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча төмөнкү курулуш компанияларына 13 000 сомдон айып салынды:

- Фрунзе көчөсү, 466; "Кейджи Восток Сервис" ЖЧКсы;
- Коенкөзов көч, 100; "Турпан Строй" ЖЧКсы;
-Токтогул көч, 165 "Бай Таш Групп"  ЖЧКсы;
- Фрунзе көчөсү,100;  "Жаз Строй" ЖЧКсы;  
- Репин көчөсү, 219; "Асман Констракшн" ЖЧКсы.    

КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 23 000 сом өлчөмүндө айып пул алгандар.  
- 7-апрель көч, 2 а/1;  "Биштаун" ЖЧКсы;
- Фрунзе көчөсү, 100.  "Жаз Строй" ЖЧКсы;

КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкү компаниялар сакташкан эмес. Аларга 23 000 сомдон айып пул салынды:
- Самойленко көч, 87, 89;  "Турпан Строй" ЖЧКсы;
-  Фрунзе көчөсү, 445. "Кейжи Восток Сервис" ЖЧКсы;

Андан сырткары "Стерлинг Групп" ЖЧКсына карата 179-берененин 2-бөлүгү боюнча протокол жазылып, ошондой эле 179-берененин 3-бөлүгүнө ылайык "Делмар Групп"ЖЧКсына айып салынган.

Көрктөндүрүү эрежелери бардыгы үчүн бирдей экенин эскертебиз!