Борбор калаанын социалдык өнүктүрүү мекемелери күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Бул иштердин алкагында райондук социалдык өнүктүрүү  башкармалыктары тарабынан аз камсыз болгон жарандарга акчалай компенсация төлөнүп берилет.

Көмүр алуу үчүн компенсация 6 миң сом, жалгыз жашаган пенсионерлерге жана камкордукка муктаж адамдарга көмүрдү жеткирүүгө   700 сомдон 900 сомго чейин белгиленген.

2024-2025 жылытуу мезгилине жалпы төлөм борбордогу 3869 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жетим балдар, туруктуу жашаган жери жок адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген төрт уюмга төлөнөт. 2024-жылдын август айынын аягында 1743 арыз каралып, 1581 үй-бүлөгө жана 3 уюмга төлөм жүргүзүлгөн.

Бул жардам шаарда туруктуу каттоодо турган жана райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүндө каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет.