Муниципалдык инспекция бак дарактардын жалбырактарын, чөптөрдү, өндүрүш таштандыларын өртөөгө тыюуу салынаарын эскертет.
Жарым күн аралыгында инспекторлор тарабынан экологиялык 3 тартип бузуу аныкталган.
"Аламүдүн" МАБ тарабынан физикалык жактарга протоколдор түзүлдү. Бир жолу кургак чөптү өрттөгөн үчүн КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 253 беренеси боюнча 5500 сом айып пул салынат. Ал эми экинчи жолу кайталанса 7500 сом айыпка жыгылат.
Ленин районунда өндүрүш таштандысын өрттөгөн жаранга бир протокол түзүлүп, 115-беренеге ылайык, 7500 сом айып салынды.
Бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек таштандыларды жана кургак жалбырактарды өртөөгө тыюуу салынат. Эреже бузгандар КРнын мыйзамына ылайык жоопко тартылат.