Октябрь районунун "Көк Жар" айылында №57 жаңы балдар бакчасынын ачылыш аземи Октябрь районунун башчысы Жаныбек Орозалиевдин катышуусунда өткөрүлдү.
КРнын Министрлер Кабинетинин чечими менен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жыйналуучу уктоочу керебеттер колдонулат, себеби кеңири аянт болушу зарыл. Мындай жол аркылуу мекемеде балдарды кабыл алуу эки эсеге көбөйтүлдү. Буга чейин 140 бала кабыл алынса, эми алардын саны 280 жетти.
Эки кабаттан турган имаратта кийинүүчү, оюн ойноочу, медициналык бөлмө, ашкана, тамак аштарды сактоочу жай, машыгуу залы, атайын музыкалык бөлмө, ошондой эле техникалык жабдууларды жана башка буюмдарды сактоочу жай каралган.
Белгилей кетсек Октябрь районунда 42 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.