Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан «Ак-Өргө» конушундагы сквердин курулушу бүткөрүлдү
Ачылыш азем мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин катышуусунда өттү.
Жаңы аянтчага кичи архитектуралык формалар, балдар аянтчасы, баскетбол аянтчалары, амфитеатр, отургучтар, тротуар, дааратканалар жана жашылдандыруу кирет.
Белгилей кетсек, парктын жалпы аянты 2,4 гектарды түзөт.
Бүгүнкү күндө парктын аймагын көрктөндүрүү боюнча бардык курулуш-монтаждоо иштери аяктады.
Курулуш иштерин подрядчы «Дорстройгрупп» ЖЧКсы жүргүзгөн.