Бишкек шаарынын Октябрь районунда көп функционалдуу спорт аянтчасынын салтанаттуу ачылышы өттү.
2024-жылдын 2-сентябрында Октябрь районунда жаңы көп функционалдуу спорт аянтчасынын ачылышы болду. Ачылышка Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана райондун тургундары катышты.
Бул жаңы аянтча баскетбол, футбол, кичи-футбол, волейбол оюндарын өткөрүү, воркаут менен машыгуу жана ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруу үчүн ылайыкталган. Спорттук аянтча 12-кичи районундагы №71 мектептин аймагында жайгашкан.