Бишкек шаарында 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып №64 жаңы муниципалдык автобус каттамы жүрүп баштады.

Муниципалдык автобустун акыркы аялдамалары "Ынтымак" конушунда жана "Маевка"айылында жайгашкан. Каттамда 20 автобус иштеп, аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.

Ошондой эле шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында №145 муниципалдык автобус каттамынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.