Бишкек шаарынын райондорунда "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчалар  ачылды.

Ошентип, Свердлов районунун аймагында мындай 2 бала бакча, Сүйүмбаев көчөсү, 6 дарегинде "Алим Абас" бала бакчасы жана Ай-Көл конушунда  "Айкөл бала бакчасы ачылды.

Аталган бала бакчанын ачылышына ата-энелер жана балдар чакырылган. Салтанат майрамдык шоу-программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, бул программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде " Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Бала бакчаларда балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ал эми алардын ачылышы шаардыктарды жаңы жумуш орундары менен камсыз кылды.

Бишкек шаарынын мэриясы ар бир каалоочу белгиленген тартипте үй тибиндеги бала бакчаларды ача алат деп билдирет.