Күрөш өнөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары дзюдо боюнча уландар жана жаштар арасында Азия чемпионатына катышты.

Мелдеш 29-августтан 1-сентябрга чейин Мунгён шаарында (Түштүк Корея) өттү. Жалпысынан 17 өлкөнүн спортчулары катышты.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр:
Канатбеков Эржан – 1-орун (81 кг);
Жолдошказиев Эмирхан – 1-орун (+100 кг);
Дүйшөнбекова Мырзайым – 3-орун (63 кг).

Бул жетишкендиктер спортчулардын көп жылдык эмгегинин жана күжүрмөн даярдыгынын натыйжасы.

Жаш дзюдочуларды сыйлыктары менен куттуктап, эл аралык аренада мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.