Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ар кандай иш-чаралар өтүүдө.

Ошентип, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевдин катышуусунда «Люкс» сейил багында спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.


Иш-чарага жаш муундун өкүлдөрү катышып, эркин күрөш, футбол, аркан тартыш сыяктуу спорттун тогуз түрү боюнча мелдештерге катышты.

«Чүкө парк» балдар оюн-зоок борборунда №1 МАБ тарабынан уюштурулган балдар үчүн чоң майрам болуп өттү. Фестивалда шаардыктар концерттик программаларды көрүп, ошондой эле көк бөрү,  жолук таштамай сыяктуу кыргыздын улуттук оюндарына катышты.

Ала-Тоо конушунда балдар аянтчасында балдар арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Ю. Фучик көчөсүндөгү үйдүн жашоочулары үчүн оюн аянтчасында иш-чара өткөрүлүп, ар кандай таймаштар уюштурулду.

Орок айылында футбол боюнча мелдеш өтүп, ага 19 команда катышты.

Жаш Гвардия менен Чүй проспектисинин кесилишинде шаардык “Диалог” маданият үйү Бишкек шаарынын тургундарына майрамдык концерт уюштурду.

Кошумчалай кетсек, “Азия Молл” соода борборунда орусиялык жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтүүдө.