Бүгүн, 2024-жылдын 31-августунда, Ак-Босого жаңы конушунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата майрамдык салтанат болуп өттү.

Бул иш-чарага атайын даярдалган жаңы скверде өлкөнүн тарыхый окуялары жана маданий салттары театралдаштырылган концерттик программа уюштурулуп, боз үйлөр тигилип, улуттук тамак-аштар коюлду.

Райондун башчысы Сарылбек уулу Улан куттуктоо сөз сүйлөп, Кыргызстандын тарыхындагы бул күндүн маанисине токтолуп, баарына майрамдык маанай, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалуу драма жана сатира театрынын артисттери Кара-Кыргыз автономиялуу областынын  тарыхынан үзүндү тартуулады.

Жаш тургундар үчүн тематикалык мастер-класстар уюштурулуп, анда балдар маданий мурастар менен таанышты.

Кошумчалай кетсек, иш-чаранын алкагында райондун муниципалдык аймактык башкармалыктары (МАБ) арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Турнирдин жыйынтыгында №13МАБнын командасы жеңүүчү деп табылып, муниципалдык администрациянын башчысынын кубогу тапшырылды. Экинчи орунду №16 МАБнын командасы,  үчүнчү орунду №15 МАБнын командасы ээледи. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө медалдар жана баалуу белектер тапшырылды.