Эки муниципалдык мекеме «Айданек» жана «Акниет» балдарды реинтеграциялоо борборлорунда  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Тарбиялануучулар жана кызматкерлер бий программаларын, көркөм окууларды, ырларды жана сынактарды тартуулашты. Дубал газеталарын даярдашып, улуттук музыкалык аспаптардын чакан көргөзмө уюштурушту.

Эске сала кетсек, "Айданек" жана "Акниет" борборлору Бишкек шаарындагы турмуштук оор кырдаалга кабылган 3 жаштан 18 жашка чейинки балдарга социалдык, психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтөт.