Кыргыз Республикасынын Президентинин шаар аймагын жаңыртуу боюнча буйругунун алкагында Бишкек шаарында эскирген көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы  «Тазалык» МИсы менен биргеликте МККБнын жардамы менен Бишкек шаарынын аймагындагы 480ден ашык жарнак түзүмдөрү демонтаждалды, бул жалпысынан 96% түзөт.

Калган көрнөк-жарнактар боюнча учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы борбор шаарыбызды өзгөртүүгө салым кошуп,  жарнак түзүмдөрүн ыктыярдуу түрдө бузуп жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирет.