Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева Индияда өткөн ITF таэквон-до боюнча Азия чемпионатында медаль тагынган спортчулар менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө мэрдин орун басары спортчуларды мелдештеги ийгиликтери менен куттуктап, спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле кеңири жайылтууга кошкон салымын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, ITF таэквон-до боюнча Азия чемпионаты 2024-жылдын 19-августунан 26-августуна чейин Бангалор шаарында (Индия) өткөн. Жалпысынан мелдешке АКШ, Улуу Британия, Канада, Япония жана КЭДР сыяктуу 15тен ашык өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышты.

С.Жуманазаров атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүп, көптөгөн байгелерди жеңип алды.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:
Канатов Уран – алтын (спарринг);
Токторбеков Аббад – алтын (спарринг жана тюль боюнча абсолюттук чемпион);
Юсупова Айниса – алтын (тюль);
Батырбеков Нурислам – алтын (спарринг);
Мукеев Исам – алтын (спарринг);
Аяна Моңолбаева – күмүш (спарринг жана тюль боюнча);
Мукеев Исам – күмүш (тюль);
Канатов Уран – күмүш (тюль);
Имран Михманов – күмүш (спарринг);
Русланбекова Сырга - коло (тюль);
Эрбол Камчыбеков – коло (спарринг жана тюль);
Иминова Айлинайша – коло (тюль);
Батырбеков Нурислам – коло (тюль).