Чүй облусунун Кемин районунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өнөр жай ишканаларынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы видеоконференция аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында бир убакта бир нече объектилерди ишке киргизүүгө старт берди.
2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында республика боюнча масштабдуу “100 өнөр жай ишканасы-2024” долбоору ишке ашырыла баштады. Бишкек шаарында бул долбоордун алкагында 16 жаңы өнөр жай ишканасын модернизациялоо жана ишке киргизүү пландалууда.
Ошентип, бул долбоорду ишке ашыруунун алкагында борбордо эки фабрика ачылды: «ТНК Шумкар» ААК жана «Снэк Фудс» ЖЧКсы (Тойбосс соода маркасы).
«Шумкар» заводунун ачылыш аземине Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков жана башкы директор Мавлян Амракулов катышты.
Мирланбек Байгончоков куттуктоо сөзүндө заводдун курулушу Кыргызстандын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым экенин белгиледи.
«Шумкар» ТНК ААКсы Кыргыз Республикасындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы унааларды чыгаруу жана сатуу боюнча алгачкы ири заводдордун бири. Бул долбоордун ишке ашырылышы республиканын автомобиль өнөр жайынын өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат. Жогорку технологиялык, инновациялык өндүрүш Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ), Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) жана башка эл аралык келишимдердин бардык талаптарына жооп берет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына биринчи мамлекеттик визитинин алкагында «ТНК Шумкар» ААКсы менен «Xian Yuanchao» компаниясынын ортосунда жана Кыргыз Республикасындагы SHACMAN сериясындагы атайын багыттагы оор жүк ташуучу унааларды чогултуу боюнча келишимдер түзүлгөн.
Ошол эле жылдын март айында «БМЗ» ААКтан ижарага алынган заводдун өндүрүштүк жайларын реконструкциялоо иштери башталган, анын жалпы аянты 7,4 миң кв.м.
Завод жылына 1200 даана жабдык чыгарууну пландап жатат, бул ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандырып, КМШ өлкөлөрүнө экспортко чыгат. Учурда Орусия, Беларусь жана чет мамлекеттерден келген өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ишканада 100 жумушчу орун түзүлдү.
Ошондой эле, «Снэк Фудс» ЖЧКсынын ( Тойбосс СМ) расмий ачылыш аземине Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана заводдун башкы директору Бакай Орумбаев катышты.
Жамалбек Ырсалиев куттуктоо сөзүндө «Снэк Фудс» ЖЧКсы Борбор Азиядагы тез татым азыктарын (бургер, бутерброд, пицца) чыгарган биринчи ири ишкана экенин белгиледи.
2024-жылы компания жаңы имаратка көчүп, өндүрүштү толугу менен модернизациялап, жаңыртты. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 18 миллион даанадан ашык продукция чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишкананын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу эмгек шарттары түзүлүп, 300гө жакын адам иш менен камсыз болду.
Мындай масштабдагы ишкананын ишке киргизилиши республиканын тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.