Бишкек шаарында 2024-жылдын 31-августунда борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт.
Майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин уланат, буга байланыштуу борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт уюштурулат.
Ошентип, майрам күндөрү муниципалдык автобустар түнкү саат 02:00гө чейин каттайт.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Эгемендүүлүк күнүнө карата төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:
- Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Ибраимов көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
Мындан тышкары, Ч.Айтматов жана Манас проспектилери жана Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаардык мэриясы майрамдык иш-чаралар өтө турган аймактарда тыгындарды болтурбоо үчүн жеке унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.