Бишкек шаардык мэриясында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Бишкек шаардык прокуратурасынын өкүлдөрү менен биргеликте аймактык жана ведомстволук башкармалыктардын кызматкерлерин укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүгө үйрөтүү максатында жыйын өттү.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан талаптардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ленин райондук администрациясынын ишинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Ошентип, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана алдын алуу максатында прокуратуранын жана Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен республиканын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда муниципалдык кызматкерлер үчүн окуу уюштурулган.

Окутуунун жүрүшүндө «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасы, документтерди тариздөө мөөнөттөрү, форманы толтуруу тартиби, ички көзөмөл ж.б.у.с. айтылды.

Окутуунун максаты - Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүдө талаптарды бузуунун алдын алуу.

Рамиз Алиев Бишкек прокуратурасынын өкүлдөрүнө тренингди уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде прокурорлор мыйзамдарды ишке ашыруу маселелери боюнча колдоо көрсөтүүгө жана бул программа боюнча консультация берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.