С. Жуманазаров атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары ITF таэквон-до боюнча балдар, кадеттер, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында X Азия чемпионатына катышты.

Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары 2024-жылдын 19-августунан 25-августуна чейин Бангалор шаарында (Индия) өткөн мелдештерде медалдарга ээ болушту.

Турнирге жалпысынан 600дөн ашык спортчу катышты.

Мелдештин максаты спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, айрым спортчулардын дараметин ачуу, эл аралык мелдештерде учурдагы көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана туруктуу курама команданы түзүү.

Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр:
- 8-10 жаштагы балдар арасында:
Мукеев Исам – 40 кг салмакка чейинки спарринг боюнча 1-орун  жана демонстрациялык көргөзмө (тюль) боюнча 2-орун.

- 11-13 жаштагы балдар арасында:
Аяна Моңолбаева – 45 кг салмакка чейинки спарринг боюнча 2-орун жана демонстрациялык көргөзмөсү боюнча 2-орун (тюль);
Камчыбеков Эрбол – 35 кг салмакка чейинки спарринг боюнча 3-орун жана  демонстрациялык көргөзмөсү (тюль) боюнча 3-орун;

Иманова Айлинайша – 3-орун  демонстрациялык көргөзмө (тюль).

- 14-15 жаштагы жана 16-17 жаштагы өспүрүмдөр арасында:
Имран Михманов – 45 кг салмакка чейинки спаррингде 2-орун;
Русланбекова Сырга – 3-орун демонстрациялык көргөзмө, 2-дан (тюль).