Бишкекте унаасы менен курулуш таштандысын чыгарып, белгиленбеген жерге таштаган жаранга айып пул салынды. Укук бузуулар кодексин бузган жаранга чара көрүүнү суранып күбөлөр Муниципалдык инспекцияга кайрылышты.
Күнөөлүү аныкталып, ага КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылды. Ага салынган айып пулдун өлчөмү 7 500 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, өндүрүштүк, өнөр жайлык жана медициналык таштандылар контейнердик аянтчага чыгарылбашы керек. Таштанды челектери тиричилик таштандылары үчүн гана орнотулган.
Таштандылардын жогоруда аталган түрлөрүн ташып чыгуу үчүн Бишкек шаары боюнча иш жүргүзүлөт.
Шаар тургундары таштанды ташуучу компаниялар менен келишим түзүүсү зарыл.