Жылытуу мезгили жакындаган сайын көмүр сатуу түйүндөрү калкка көмүр сата баштады.
Муниципалдык инспекция аталган жайларды көзөмөлгө алды.
Бир катар көмүр саткан пунктарга Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого жазма буйруктар берилди.
Тротуарлардын булгануусу байкалган жерлерде болгон эреже бузууларды бир жумалык мөөнөттө жоюу тапшырылды.
Талапты аткарбагандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренеси боюнча жазма буйрукту аткарбагандыгы үчүн протоколдор түзүлөөрүн эскертебиз.