Бишкекте шаар мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында борбор калаанын мэриясынын кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык комиссиясынын жыйыны өттү.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо жана окуу мезгилинин башталышына билим берүү мекемелеринин даярдыгы талкууланды.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев 31-августта Ала-Тоо аянтында аткарыла турган иштер тууралуу маалымат берди.

Укук коргоо кызматкерлери нөөмөттө турган тилкелер секторлорго бөлүнгөн.

Ошондой эле төмөнкү көчөлөрдө унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилет:

- Чүй проспектиси Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- жана жарым-жартылай Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Жакынкы соода борборлорунда жана мекемелеринде алкоголдук ичимдиктерди сатууга, коомдук жайларда ичимдик ичүүгө да тыюу салынып, майрам күнү стихиялуу сооданын алдын алуу чаралары көрүлөт.
Айбек Джунушалиев иш-чарада тургундардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун максималдуу камсыздоо милдетин койду.

Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы оңдоо иштери 31-августка чейин бүтөрүн белгиледи.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева билим берүү мекемелериндеги учурдагы абалга токтолду.

2024-2025-жылдары 232 жалпы билим берүүчү мекеме, анын ичинде 121 мектеп жана 111 бала бакча иштейт.

228 миң окуучу билим алып, анын ичинен 20 миң 780 окуучу биринчи класска барышат.

Бардык билим берүү мекемелери канцелярдык, тиричилик буюмдары жана медициналык буюмдар менен камсыз болуп, коопсуздук да уюштурулган.

232 участоктун ичинен 141 участокто мектептердин жанындагы жол сызыктарын чийүү иштери бүткөрүлүп, Транспорт жана жол- транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына ишти тездетүү тапшырмасы берилди.    

А.Джунушалиев бул маселени күнүмдүк көзөмөлгө алууну уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына тапшырды.