Бишкек шаарында борбор калаадагы мугалимдердин август конференциясынын алкагында мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин жана жетекчилеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган үч күндүк тренингдер башталды.

2024-жылдын 27-августунда Красноярск шаарынын эксперттери STEAM билим берүү долбоорунун алкагында робототехника боюнча семинар өткөрүштү.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.

Тренингди Россия Федерациясынын ар кайсы аймактарынан келген эксперттер Бишкек мэриясынын көмөгү менен №24 Аалы Токомбаев атындагы мектеп-гимназиясынын “Келечектин инженерлери” АНО лаборатория” өнөктөштүк келишиминин алкагында өткөрүүдө.